Кыргызстандын облустарында жайкы аттракциондордун коопсуздугу пландан сырткары текшерилүүдө. Бул тууралуу Техникалык көзөмөл министрлиги билдирди.
Учурда текшерүүлөр Ысык-Көл облусунда, Бишкек жана Жалал-Абад шаарларында жүрүп жатат.
Эске салсак, 31-март күнү Панфилов сейил багындагы иштеп жаткан аттракциондордун биринен 2006-жылы туулган кыз кулап, оор жаракат алып, ооруканага жеткирилген. Кыз кулаган видео интернетте тарап, коомдо резонанс жараткан.
Бул окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 297-беренеси (керектөөчүлөр үчүн коркунуч түзүү) менен кылмыш иши козголгон. Шектүү катары 24 жаштагы аттракциондун оператору кармалып, кийин үй камагына чыгарылган.
Ал эми аттракциондун ээсине 35 миң сом айып пул салынган. 1-апрелден тарта парктын бардык механикалык аттракциондорунун иши убактылуу токтотулган.