Чүй облусунда райондук соттун жаңы имаратынын курулушу башталдыКыргызстандын айыл чарбасы биринчи чейректе дээрлик 3%га өстү25-апрелге карата аба ырайыКыргызстанда социалдык тармактын кызматкерлеринин айлыгы 100 миң сомго чейин көтөрүлдү — ОрунбековБишкекте чатырында теннис корттору бар көп кабаттуу унаа токтотуучу жай ачылдыОш облусу менен Кытайдын Шаньдун провинциясы боордоштук мамилелерин түзүүдө
Эки жумада жүк ташуучу унаалардын айдоочуларына 3,5 млн сом айып пул салынды
15.04.2025 | 15:05
1-14-апрель күндөрү өткөрүлгөн рейдде жүк ташуучу унаалардын айдоочуларына жалпы 3 млн 542 миң сом айып пул салынды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди.
Рейдде жүк ташуунун талаптарынын сакталышы жана ашыкча жүк салып алуу бузуулары текшерилген.
Жалпысынан 34 миң 286 жүк ташуучу унаа текшерилген. Натыйжада тартип бузган айдоочуларга 339 протокол түзүлгөн.
Министрлик рейд 30-апрелге чейин уланарын билдирди.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом