Кыргызстан Америка мамлекеттеринин уюмунда туруктуу байкоочу статусун алууну көздөөдөКыргызстандык окуучулар эл аралык математика олимпиадасында ийгилик жаратыштыКасымалиев АКШнын IT-гиганты менен санариптик коопсуздук боюнча жумушчу топ түзүү тууралуу макулдаштыБишкек конуштар үчүн жаңы автобустарды сыноодон өткөрүүдөБишкекте мечиттер КМДБнын балансына өткөрүлүп берилүүдөОш шаарында үч тараптуу айланма жол курулуп жатат
Саламаттык сактоо министринин санариптик өнүктүрүү боюнча орун басары дайындалды
01.05.2025 | 12:37
Нургүл Аднаева саламаттык сактоо министринин санариптик өнүктүрүү багыты боюнча орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу Министрлер кабинети билдирди.
Тиешелүү тескемеге өкмөт башчы Адылбек Касымалиев кол койгон.
59 жаштагы Нургүл Аднаеванын саламаттык сактоо тармагында 30 жылдан ашуун эмгек тажрыйбасы бар. Ал Медициналык институттун дарылоо факультетин, ошондой эле БМУнун дүйнөлүк экономика адистиги бүтүргөн. Акыркы жылдары Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин «Социалдык контракт» долбоорун координациялап келген.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат