Бишкек — Ош багытындагы билеттер 8 820 сомдон 7 600 сомго чейин арзандадыКыргызстан менен Палестина инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдарКР Саламаттык сактоо министрлигинин башчысы Астанадагы саммитте балдардын ден соолугун жана БА аймагындагы медицинаны талкууладыБишкектин жеке мектептеринде окуу алдыңкы ЖОЖдорго караганда бир нече эсе кымбат экени белгилүү болдуКР Коопсуздук кеңешинин катчысы жана Ирандын элчиси Жакынкы Чыгыштагы кырдаалды талкуулаштыӨлкөдө жаан жаайт: 23-апрелге карата аба ырайы
RSF уюмунун басма сөз эркиндиги боюнча рейтингинде Кыргызстан 144-орунга түштү
02.05.2025 | 16:29
“Чек арасыз кабарчылар” эл аралык уюму жарыялаган басма сөз эркиндиги боюнча 2025-жылдын рейтингинде Кыргызстан 180 өлкөнүн ичинен 144-орунга түштү. Бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу 24 баскычка төмөн.
Уюмдун маалыматында, Борбордук Азияда басма сөз эркиндигинин абалы начарлап кеткен. Рейтингде Казакстан 141-орунду, Өзбекстан 148-орунду, Тажикстан 153, ал эми Түркмөнстан 174-орунду ээлеген.
Басма сөз эркиндиги жогору өлкөлөргө Норвегия (1-орун), Эстония (2-орун) жана Нидерланд (3-орун) кирди.
Ал эми эң акыркы орундарды Кытай (178), Түндүк Корея (179) жана чыгыш Африкадагы Эритрея (180) өлкөсү ээледи.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом