“Манас” аэропорту Москвага болгон каттамдар убактылуу токтотулганын билдирди

07.05.2025 | 16:13

Бүгүн, 7-майда “Манас” эл аралык аэропорту Бишкек-Москва авиакаттамдары убактылуу токтотулганын билдирди.

Маалыматка ылайык, Мосвкадагы “Домодедово” аэропортунан жергиликтүү убакыт боюнча саат 06:30да уча турган YK960 каттамы уча элек. Ушул эле себеп менен “Домодедового” учуп бара турган YK883 каттамы кармалып тургандыгы айтылды.

Учурда “Манас” аэропортунда 130 жүргүнчү күтүп жатат. Алар тамак-аш менен камсыз болору айтылды.

Белгилей кетсек, өткөн түнү Москвага учкучсуз учактар кол салган.

Scroll to Top