БАЭ аймактагы абалдын курчушуна байланыштуу фондулук биржаларын жабууда«Хезболла» Израилге чабуул жасады. Израилдин жооп иретиндеги соккуларынан Ливанда 31 адам каза болдуЖогорку Кеңеш мыйзам долбоорлорун жана шайлоочулардын каттарын кароого көзөмөлдү күчөтөтКызыл-Кыядагы базарда уурулук кылып жүрүүгө шектелген жаран кармалдыИИМ: Жашы жете элек кызды зордуктоого шектүү жаран изделүүдөТИМ БАЭде жүргөн кыргызстандыктарга коопсуздук чараларын күчөтүүнү сунуштады
Нарында 100 гектар жерге чычырканак өстүрүлөт
09.05.2025 | 16:58
Нарын облусунун Ат-Башы районунун Казыбек айылында 100 гектар жерге чычырканак айдалат. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Маалыматта айтылгандай, долбоорду “Нур” кооперативи жапон ишкерлери менен биргеликте Кош-Караташ участогунда ишке ашырат. Ошондой эле бул долбоорго Айыл чарба өсүмдүктөрүн жана багбанчылыкты экспертизалоо департаментинин адистери көмөктөшөт.
“Бүгүнкү күндө иштер башталып, көчөттө алынып келинип, 1000 көчөт отургузулду. Кооперативдин бул демилгеси жергиликтүү айыл чарба секторун өнүктүрүүгө, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана экономиканы жандандырууга өз пайдасын тийгизет”,- деп айтылат маалыматта.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика