Кыргызстанда РФ шайлоосунда Россиянын 2,1 миңден ашык жараны добуш бердиДастан Бекешев: Мамлекеттик бюджеттен пенсия төлөөгө 44 миллиард сом багытталдыФутбол: Кыргызстандын кыздар курамасы алгачкы жолу CAFA чемпионатында алтын медаль жеңдиМинск Кыргызстандын экономикалык демилгелерин толугу менен колдойтЖапаров Кыргызстандагы кышкы спортту өнүктүрүүдө Ютанын тажрыйбасын колдонууга кызыкдарБишкектин бир бөлүгүндө 22-сентябрда ичүүчү суу өчүрүлөт
Опера жана балет театры өлкөнүн түштүгүнө гастролдоп барат – программасы
24.04.2026 | 10:23

А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театры 3-майдан 9-майга чейин Ош, Баткен жана Манас шаарларында гастролдук сапарда болот. Маданият министрлигинин маалыматында, гастролдорго театрдын солисттери, оркестри жана чыгармачыл жамааты толук курамы менен катышат. Бардык көрсөтүүлөргө жана концерттерге кирүү акысыз.
Гастролдордун программасы:
Ош шаары:
- 3-май, саат 18:00: С. Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында М.
Раухвергердин «Чолпон» балети көрсөтүлөт. - 4-май: Ош улуттук драма театрында Дж. Вердинин «Травиата» операсы коюлат.
- 5-май: Ош шаарынын борбордук аянтында театрдын солисттеринин, академиялык
хордун жана симфониялык оркестрдин катышуусунда гала-концерт өтөт.
Баткен шаары:
- 7-май: Баткен шаарынын борбордук аянтында театрдын солисттери жана
симфониялык оркестрдин коштоосунда концерт уюштурулат.
Манас шаары:
- 9-май, саат 11:00: Манас шаарында Улуу Жеңиш күнүнө карата концерт берилет. Программада согуш жылдарындагы чыгармалар аткарылат.
Бул иш-чара Кыргызстандын «Уңгужол» – «Улуттук рух – дүйнөлүк бийиктиктер» президенттик доктринасы жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына арналган.
Рубрики: Жаңылыктар, Маданият


