Бишкекте Мамлекеттик башкаруунун жогорку мектеби ачылатЧүй облусунда мыйзамсыз пайдаланылып келген жер тилкеси мамлекетке кайтарылдыАнтимонополия кызматы жумуртканын баасы эмнеге кымбаттап кеткенин түшүндүрдүОрозо айт: 20-мартта кыргызстандыктар эс алышатКара-Балтада уруштан кийин аял күйөөсүн бычактап, андан кийин уктап калганКыргызстанда 2026-жылдын түшүмү үчүн 1,2 млн гектардан ашык жерге себүү пландалууда
Эмгек министрлиги карылар үчүн борбор жана кеңеш түзүүнү пландоодо
17.05.2025 | 12:23
Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлиги менен “Кыргызстан пенсионерлер союзу” коомдук бирикмеси кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюшту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.
Документ улгайган жарандардын укуктарын коргоо, социалдык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу жана алардын коомдук турмушка активдүү катышуусун камсыз кылууга багытталган биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну камтыйт.
Жыйындын жүрүшүндө уюм өкүлдөрү жөлөкпул маселесин, карылар үчүн пансионаттардын жетишсиздигин жана геронтологиялык борбор куруунун зарылдыгын көтөрүштү.
Рубрики: Жаңылыктар