Интернетте кыргызстандык спортчу Самат Абдрахманов менен UFCнын оор салмактагы чемпиону Жон Жонстун бирге спорттук оюн ойноп жаткан видеосу тарады. Видеодо экөө бокстун жеңил, оюн сыпатындагы версиясын ойноп жатканы тартылган.
Самат бул видеону социалдык тармакка жарыялап, тамаша иретинде “Бокста Жон Жонс менен беттешүү мүмкүнчүлүгүм барбы?” деп жазган. Комментарийлерде элдин кызыгуусу жогору – айрымдары шыктандырса, кээ бирлери сынга алган.
Бул көрүнүш Таиландда тартылып жаткан “Alf Reality 2” реалити-шоусунун алкагында болуп жатканы айтылууда. Жоба UFCнын “The Ultimate Fighter” шоусуна окшош форматта өтүп, Жон Жонс жана Нейт Диас машыктыруучу катары катышат. Самат Абдрахманов бул шоунун катышуучусу болушу мүмкүн деген божомолдор бар, бирок расмий тастыктама жок.