Эмиль Такырбашев финансы-банк тармагында 25 жылдык тажрыйбасы бар. Эл аралык экономикалык мамилелер жана бухгалтердик эсеп жана аудит адистиктери боюнча жогорку экономикалык билим алган. KSFC жана РСК Банкта иштеген. 14 жылдан ашык микрокредиттик жана лизингдик компанияларды жетектеген. Бир катар эл аралык долбоорлордо эксперт жана консультант болуп иштеген. Эл аралык өнүктүрүү фонддорунда 5 жылдык тажрыйбасы бар. Финансы, казыналык операциялар жана кредиттөө жаатында билимге жана практикалык тажрыйбага ээ.
Кыргызстан мунайды жана мунай продуктуларын ЕАЭБден тышкары чыгарууга тыюу салуу эрежелерин өзгөрттүБишкектеги «Буффет» ашканасында массалык уулануу болдуКыргызстандан канаттуулардын этин экспорттоо эки эсеге өстү: негизги сатып алуучулар — ЕАЭБ өлкөлөрүЭрулан Кокулов президентке министрлердин депутаттарды кабыл албай жатканына даттандыТүштүктүк түндүккө, түндүкдүк түштүккө барат: Президент студенттер ротация болорун жарыяладыКыргызстандын банктарына чет өлкөлөрдө филиалдарын ачууга уруксат берилди: Садыр Жапаров жарлыкка кол койду
Мамлекеттик өнүктүрүү банкына жаңы жетекчи дайындалды
20.05.2025 | 15:37
Эмиль Такырбашев «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы» АККтын төрагасы кызматына дайындалды. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы кабарлады.
Маалыматта айтылгандай, мындай чечимди Директорлор кеңеши 30-апрелинде кабыл алган.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат