Жалал-Абадда жеке менчик бала-бакчадан өрт чыкты

27.05.2025 | 14:13

Жалал-Абад шаарында жеке менчик бала бакчада өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Маалыматта айтылгандай, саат 11:48де А.Новои көчөсүндө жайгашкан бала бакчынын ашканасынан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Өрттү өчүрүүгө 2 күжүрмөн эсеп тартылып, бала бакчадагы 33 тарбиялануучу жана 3 тарбиячы куткаруучулар тарабынан эвакуцияланган. Газ баллондор коопсуз аймакка чыгарылды.

“Өрт чыккан аймактын жалпы аянты 120 чарчы метрди түздү. Жабыркагандар жок. Өрттүн чыгуу себептери такталууда”,- деп билдирди ӨКМ.

Scroll to Top