Бүгүн, 27-майда Улуттук банктын төрагасы Мелис Тургунбаев Астана шаарында өткөн Түрк мамлекеттер уюмуна (ТМУ) мүчө мамлекеттердин Борбордук банктарынын кеңешинин биринчи отурумуна катышты. Бул тууралуу Улуттук банктын маалымат кызматы билдирди.
Отурумда учурдагы макроэкономикалык абалды, акча-кредит саясатынын негизги багыттарын, ошондой эле финансылык туруктуулукту камсыз кылууга, инновациялык төлөм системаларын өнүктүрүүгө жана ТМУга мүчө мамлекеттерге санарип финансылык технологияларды киргизүүгө байланышкан маселелер талкууланган.
Иш-чаранын алкагында борбордук банктардын жетекчилери Казакстанстандын президенти Токаев Касым-Жомарт Кемелевич менен жолугушкан. Анда аймактагы экономикалык өнүгүү маселелери, ошондой эле ТМУга мүчө мамлекеттердин борбордук (улуттук) банктарынын ортосундагы кызматташтыкты бекемдөөнүн келечеги сүйлөшүлгөн.
«Кеңеш ТМУга мүчө мамлекеттердин Борбордук (улуттук) банктарынын кеңешин түзүү жөнүндө меморандумдун негизинде 2024-жылдын 6-ноябрында түзүлүп, Бишкек шаарында кол коюлган. Кеңештин курамына Азербайжандын, Казакстандын, Кыргызстандын, Түркиянын, Өзбекстандын, Венгриянын (байкоочу макамында) борбордук (улуттук) банктарынын жетекчилери, ошондой эле ТМУнун Башкы катчысы кирет. Кеңештин кийинки отурумун 2026-жылы Азербайжан Республикасында өткөрүү пландалууда»,- деп айтылат маалыматта.