«Кепилдик фонд» менен Чехиянын ардактуу консулу экспортко багытталган ишканаларды колдоо маселелерин талкуулаштыДөөлөт Сыдыков 7 саат токтобой Манас айттыСадыр Жапаров Вашингтондогу C5+1 саммитине катышатПайдасыз каракчылык: Кыргызстанда төрт киши инкассаторго кол салып, эч нерсе таба алышкан жокБыйыл Элдик курултай 25-декабрда өтөтТаш-Көмүрдүн вице-мэри жана дагы бир жетекчи кармалды
Ташиев Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна барып, медициналык жабдыктарды тапшырды
10.06.2025 | 13:39
Бүгүн, 10-июнда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Саламаттыкт сактоо министрлигине караштуу Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна келип, аталган борбордун ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Маалыматка ылайык, Ташиев борбордун дарыгерлеринин кайрылуусуна ылайык, балдар эндоскопия бөлүмүнө 16,5 млн сомдук «SonoScape 550» маркасындагы «Эндоскоп» медициналык жабдыктарын тапшырган.
Бул жабдуулар ички органдарды жана ар кандай хирургиялык манипуляцияларды изилдөөгө мүмкүндүк берет жана балдардын ар кандай ооруларын дарылоо боюнча медициналык кызматкерлердин ишин жеңилдет.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар