Сергей Кожемякин: көп векторлуулук доору аяктап баратат, БА өлкөлөрүнө тандоо жасоого туура келетБаңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматында пара талап кылуу фактысы аныкталдыБишкекте жасалма интеллекттин жардамы менен жасалган дизайн боюнча сынак өтөтБоомдо таш кулатуу иштери жүрүүдө. Жолго убактылуу чектөөлөр киргизилдиКочкор районунда социалдык дүкөн ачылдыКыргызстан ШКУнун саламаттык сактоону башкаруу боюнча Диалогдук платформасын түзүүнү сунуштады
Кыргызстандын элчиси Дональд Трампка ишеним грамотасын тапшырды
17.06.2025 | 17:32
11-июнда Кыргызстандын АКШдагы Элчиси Айбек Молдогазиев Американын Президенти Дональд Трампка ишеним грамотасын тапшырды.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин маалыматына ылайык, жолугушуу учурунда элчи Молдогазиев Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаровдун саламын жана каалоо-тилектерин жеткирди.
Ошондой эле ал өз ара кызыкчылык жараткан тармактар боюнча кыргыз-америка мамилелерин андан ары өнүктүрүүгө даяр экендигин билдирди.
АКШнын Президенти Дональд Трамп эки өлкө ортосундагы туруктуу жана достук мамилелерди чыңдоого, ошондой эле жалпы күн тартибин илгерилетүүгө болгон ниетин белгиледи. Тараптар эки тараптуу кызматташуунун кеңири багыттары боюнча конструктивдүү диалогду улантууга даяр экендиктерин тастыкташты.
Рубрики: Жаңылыктар