Маданият министрлиги: “Кыргызфильм” жана башка мекемелерде каржылык мыйзам бузуулар аныкталды

Маданият министрлиги: “Кыргызфильм” жана башка мекемелерде каржылык мыйзам бузуулар аныкталды

Белгилүү кинематографисттер Бакыт Мукул, Темирбек Бирназаров, Бегалы Наргозуев, Дастан Рыскелди жана Руслан Машрапов тарабынан Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине түшкөн даттануулар боюнча тиешелүү иштер башталды. Бул тууралуу аталган министрлик маалымат таратты.

Министрликтин буйругу менен түзүлгөн жумушчу топ 2025-жылдын март-апрель айларындагы аудит материалдарына таянып, “Кыргызфильм” мамлекеттик мекемеси, Кинематография департаменти жана “Кыргызсериал” чыгармачыл-өндүрүштүк бирикмесинде каржылык мыйзам бузууларды аныктаган. Учурда бул фактылар боюнча тиешелүү тергөө органдары тарабынан иликтөө жүрүүдө.

Мындан тышкары, Ч.Айтматов атындагы кино үйүнүн имараты боюнча Курулуш жана архитектура министрлиги экспертизалык иштерди жүргүзүүдө. Ал эми социалдык тармактарда тараган видео тасмада көрсөтүлгөн чарба курулуштары жакынкы аралыкта бузулуп, анын ордуна заманбап кинематографиялык борбор куруу пландалууда. Жаңы борбордо кинозал, үн жаздыруучу жана дубляждык студиялар болот деп күтүлүүдө. Долбоор боюнчатехникалык тапшырма даярдалып, сынак жарыяланмакчы.

«Министрлик “Жалган маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзамдын негизинде жарандарды социалдык тармактарда жалган маалымат таратпоого чакырып, зарыл учурда мыйзамдуу жол менен сотко кайрылууга укуктуу экенин эскертет»,-деп айтылат билдирүүдө.

Эске салсак, буга чейин  КР маданиятына эмгек сиңирген артист, кинорежиссер Бакыт Мукул министрликке расмий кайрылуу жасаган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>