Кудайберген Базарбаев кызматтан алынып, Казакстанга элчи болуп жиберилдиАчыктык жана өнүгүү: Bozymchak Кыргызстандагы тоо-кентармагында ишенимди кантип бекемдөөдө?Кыргызстандын футзал боюнча жаштар курамасы эки өлкөнүн командасы менен беттешетБүгүн Бишкекте жаңы №66 электробус маршруту ачылды — кыймылынын схемасы15-ноябрга карата аба ырайыБишкекте таштанды кайра иштетүү заводунун пилоттук эксплуатациясы башталды
Катчысына сексуалдык ыдык көрсөткөн судьяга кылмыш иши козголду – УКМК
29.07.2025 | 22:40
Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун судьясы К.Ж.С. сексуалдык ыдык көрсөтүү фактысы боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартылып жатат. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Маалыматка ылайык, судья быйыл май айынан тарта өзүнүн катчысына мессенджер аркылуу бейадеп билдирүүлөрдү жөнөтүп, аны сексуалдык мүнөздөгү аракеттерге мажбурлаган.
Судьялар кеңеши бул иш боюнча Башкы прокурорго судьяны кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берген. Сот кызматкерине карата эч жакка чыкпоо тууралуу тил кат бөгөт чарасы колдонулду.
Рубрики: Жаңылыктар