Кыргызстан менен Глобалдык жашыл өсүү институту табигый кырсыктарды алдын алуу жаатында кызматташат

30.07.2025 | 13:45

29-июлда өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Акылбек Мазарипов Глобалдык жашыл өсүү институтунун (GGGI) башкы директору Сан-Хёп Ким менен жолугуп, климатка туруктуулук жана табигый кырсыктарды алдын алуу жаатында кызматташуу тууралуу сүйлөштү. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Жолугушууда тараптар табигый кырсыктардын тобокелдигин азайтуу жана климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу чөйрөсүндөгү кызматташуунун негизги багыттарын талкуулашты.

Өзгөчө көңүл “Борбор Азияда сел жана кургакчылыкты инновациялык интеллектуалдык башкаруу аркылуу климаттын өзгөрүшүнө туруктуулукту жогорулатуу (2024–2027)” GGGI долбоорун ишке ашырууга бурулду.

Жолугушуунун жыйынтыгында Глобалдык жашыл өсүү институтунун (GGGI) менен Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумга кол коюлду.

Рубрики: Саясат
Scroll to Top