Кыргызстанда аялдардын коопсуздугу боюнча масштабдуу изилдөө жүргүзүлөт

31.07.2025 | 16:37

29–30-июлда Бишкек шаарында «Аялдардын бакубаттулугу жана коопсуздугу» аталышындагы статистикалык изилдөөнүн башталышына арналган семинар өттү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.

Иш-чарага мамлекеттик мекемелердин, кризистик борборлордун, бейөкмөт уюмдардын жана өнөктөш эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Маалыматка ылайык, бул изилдөө аялдардын коопсуздугу жана бакубаттулугу жаатындагы кырдаалды чагылдырып турган так жана ишенимдүү статистикалык маалыматтарды алуу максатында жүргүзүлөт.

Изилдөөнүн жыйынтыктары аялдардын муктаждыктарына ылайык натыйжалуу саясаттарды жана программаларды иштеп чыгууга негиз болот. Изилдөөнүн негизги талаа этабын 2026-жылы өткөрүү пландалууда.

«Гендердик саясатты ишке ашырууга жооптуу орган катары министрлик бул изилдөөнү толук колдойт. Ал бизге аялдардын чыныгы муктаждыктарын тереңирээк түшүнүүгө, зомбулуктун алдын алуу жана жабыркагандарды колдоо боюнча мамлекеттик чараларды күчтөндүрүүгө жардам берет”, – деп билдирди эмгек министринин биринчи орун басары Ализа Солтонбекова семинарда.

Бул демилге БУУнун Туруктуу өнүгүү максаттары боюнча Биргелешкен фонду, «ООН-Аялдар» түзүмү жана ЮНФПА тарабынан ишке ашырылып жаткан «Мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү – гендердик теңдик аркылуу: Европада жана Борбор Азияда гендердик маалымат системаларын чыңдоо» аттуу аймактык программанын алкагында жүргүзүлүүдө.

Scroll to Top