Шашылыш билдирүү: Ысык-Көл жана Нарындын тоолуу райондорунда сел жүрүшү мүмкүн

07.08.2025 | 13:34

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 8-августта күтүлүп жаткан туруксуз аба ырайына байланыштуу Ысык-Көл жана Нарын облустарынын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн экенин эскертет.

Негизги себептер, күтүлүп жаткан локалдык нөшөрлүү жаан-чачын, дарыяларда суунун деңгээлинин көтөрүлүшү.

ӨКМ жарандарды төмөнкү чараларды көрүүгө чакырат:

  • Тоолуу райондорго жана дарыя жээктерине эс алууга баруудан баш тартуу;
  • Арыктарды тазалап, суу өтүүчү жолдорду ачуу;
  • Дарыя жээктерин бекемдөө жана таштанды таштабоо;
  • Өзүңүздү же жакындарыңызды коркунучка кептеген кырдаал жаралса, дароо “112” кызматына кайрылыңыз. Чалуу акысыз жана күнү-түнү кабыл алынат.

“Сел коркунучун алдын алуу — ар бир жарандын жоопкерчилиги. Өзүңүздүн жана жакындарыңыздын коопсуздугу үчүн бул эскертүүнү көңүл сыртында калтырбаңыз”,-деп айтылат маалыматта.

Рубрики: Жаңылыктар
Scroll to Top