Садыр Жапаровдун Тажикстанга болгон иш сапары аяктады – маанилүү учурларАгартуу министрлиги окуу китептерин иштеп чыгуу үчүн ачык сынак жарыяладыБооом капчыгайында беш күн таш түшүрүү иштери жүргүзүлөтЭми Tunduk аркылуу дарыгерди үйгө чакырууга болотБорбордогу автобустун айдоочуларына жүргүнчүлөргө сылык мамиле жасоо эскертилдиМанас шаарында кызга зомбулук көрсөткөн 38 жаштагы жаран камакка алынды
Мэрия кыйылган бактарды муктаждарга отун катары таркатууда
07.08.2025 | 17:54

Бишкек шаарынын мэриясы санитардык себептер менен кыйылган бак-дарактарды муктаж жарандарга отун катары бекер тарата баштады. Отун бөлүштүрүү иштери төрт район боюнча белгиленген график менен жүргүзүлөт. График төмөнкүдөй:
- Свердлов району – 5-6-август (шейшемби, шаршемби);
- Ленин району – 7-8-август (бейшемби, жума);
- Биринчи Май району – 9-11-август (ишемби, дүйшөмбү);
- Октябрь району – 12-13-август (шейшемби, шаршемби).
“Мэрия муктаж болгон жарандарды райондук администрацияларга кайрылууга чакырат”,-деп айтылат маалыматта.
Рубрики: Жаңылыктар