Кыргызстан Вьетнам менен Грецияга тамеки экспортун көбөйтүүдө

Ош облусунун Ноокат району акыркы жылдары тамеки экспортунун көлөмүн көбөйткөн. Натыйжада Кыргызстандан Вьетнам, Греция, Орусия жана Казакстанга тамеки продукциясынын экпорту өскөн. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, Ноокат районундагы CJSC “Constant Leaf Tobacco” ишканасы Вьетнамга 2023-жылы 29,3 тонна, 2024-жылы 60 тонна табигый тамеки экспорттогон. Ал эми “Баек” (LLC “BAEK”) фирмасы тарабынан Грецияга экспорттолгон ферменттелген тамекинин көлөмү 2024-жылы 154 тоннаны, 2025-жылы 170 тоннаны түзгөн.
Мындан тышкары тамеки калдыктарынын экспорту да өскөн. 2024-жылы Казакстанга 8 тонна, Россияга 561 тонна, ал эми 2025-жылы Россияга 378,4 тонна, Казакстанга 97 тонна тамеки калдыктары экспорттолгон.
Бул көрсөткүчтөр тамеки тармагындагы ишканалардын экспорттук потенциалы өсүп жатканын айгинелейт.