BITF 2026: Бишкекте биринчи жолу эл аралык туристтик көргөзмө өтөтБишкекте курттардын капташы: Ак-Босогодогу теректер эмне болууда?Кыймылсыз мүлктү сатууга өз алдынча тыюу. Дастан Бекешевдин түшүндүрмөсүКыргызстан менен Казакстандын банктары кооптуу сызыктаБишкек менен Душанбе парламенттик кызматташууну күчөтүүнү талкууладыКыргызстанда окуу жылы 15-сентябрда башталат — себептери
Түркия – Түркмөнстан – Кыргызстан багытындагы алгачкы темир жол каттамы ишке ашты
19.08.2025 | 16:29

Август айында Кыргызстан, Түркия жана Түркмөнстанды байланыштырган жүк ташуучу поезддин алгачкы каттамы ишке ашты. Бул тууралуу аталган каттамдын оператору болгон «Түркмөн транспорттук-логистикалык борбору» ишканасы кабарлады.
Маалыматка ылайык, аталган ишкана Түркиядан түрк вагондорунда келген БУУнун гуманитардык жүктөрүн Түркмөнстандын Этрек темир жол станциясында кабыл алган. Андан кийин аларды КМШнын вагондоруна жүктөп, Кыргызстандын Ош темир жол станциясына жөнөткөн.
Ошондой эле ишкана «Европа – Борбордук Азия» эл аралык транспорттук коридорунун алкагында ири көлөмдөгү транзиттик ташууларды ишке ашырууну улантарын билдирди.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом
Теги: темир жол