Буту сынган россиялык альпинист бир жумадан бери Жеңиш чокусунда жардам күтүп жатат

20.08.2025 | 10:41

47 жаштагы альпинист Наталья Наговицина 12-августта чокудан түшүү маалында бутун сындырып, 7 миң метр бийиктикте калган. Анын шериги алгачкы жардам көрсөткөн соң базалык лагерге түшүп, куткаруучуларды чакырган. Эртеси эки чет элдик альпинист аны түшүрүүгө аракет кылышкан, бирок аба ырайынын бузулушу жана чарчоодон улам ишке ашпай калган.

Кыргызстандын Коргоо министрлигинин дрону Наговицинаны 7 200 метр бийиктиктеги чатырда тирүү экенин тастыктады. Куткаруучулардын айтымында, абалы оор бойдон калууда.

ӨКМ жана Коргоо министрлиги учурда куткаруу операциясы улантылып жатканын билдиришти. Бирок аба ырайынын ыңгайсыздыгы — катуу кар жаап, көрүнүштүн начарлашы — тик учактардын жетүүсүнө тоскоол болууда. 17-августта тик учактардын бири катуу конуп, учкучтар жана куткаруучулар жабыркаганы белгилүү болду.

Куткаруу аракетинин кезектеги баскычы 20-августка пландалган.

Scroll to Top