Ала-Арча жаратылыш паркына дүйнөлүк стандарттагы родельбан курулатСадыр Жапаровдун Тажикстанга болгон иш сапары аяктады – маанилүү учурларАгартуу министрлиги окуу китептерин иштеп чыгуу үчүн ачык сынак жарыяладыБооом капчыгайында беш күн таш түшүрүү иштери жүргүзүлөтЭми Tunduk аркылуу дарыгерди үйгө чакырууга болотБорбордогу автобустун айдоочуларына жүргүнчүлөргө сылык мамиле жасоо эскертилди
Фрунзе – Осмонкул көчөлөрүнүн кесилиши 1-сентябрга чейин жабылат
20.08.2025 | 12:04

21-августтан 1-сентябрга чейин Бишкек шаарында Фрунзе жана Осмонкул көчөлөрүнүн кесилишине кирүү убактылуу токтотулат.
Аталган тилкеде Фрунзе көчөсү боюнча (Т. Айтматов көчөсүнөн К. Тыныстанов көчөсүнө чейин, узундугу 1600 м) жылуулук түтүктөрүн алмаштыруу иштери жүргүзүлөт. Түтүктүн диаметри 700 ммден 900 ммге чейин кеңейтилет. Бул тармак 1971-жылдан бери иштеп келе жатат жана колдонуу мөөнөтү бүтүп, тез арада алмаштырууну талап кылат.
“Бишкекжылуулуктармагы” шаардыктардан жана борбор калаа конокторунан убактылуу ыңгайсыздыкты түшүнүү менен кабыл алып, жол каттамын алдын ала пландап алууну суранышууда.
Рубрики: Жаңылыктар