Садыр Жапаров АКШ менен Улуу Британияны экономиканы саясатташтырбоого чакырды

Президент Садыр Жапаров АКШ жана Улуу Британия киргизген санкциялар боюнча кайрылуу жасап, экономикага саясий басым көрсөтпөөгө чакырды. Бул тууралуу мамлекет башчы “Кабар” маалымат агенттигине курган маегинде билдирди.
Анын айтымында, буга чейин АКШ эч кандай далилсиз “Керемет Банкка”, эми Улуу Британия күмөндүү негиздер менен “Капитал Банкка” санкция киргизген.
“Өлкөнүн ИДПсы 11,7 пайызга өсүп, КМШ боюнча алдыңкы орунда турабыз. Муну көрүп-билип турушат. Ушундан улам биздин үстүбүздөн басым жасоого аракет кылып жатышат деп ойлойм. Чоң мамлекеттер башкалардын тез өнүгүп кетишин каалабайт. Баары алардын көзүн карап, суранып жүргөнүн каалашат”, – деди Жапаров.
Мамлекет башчысы Кыргызстан көп векторлуу саясат жүргүзөрүн белгилеп, АКШнын Президенти Дональд Трампка жана Улуу Британиянын Премьер-министри Кир Стармерге кайрылып, экономиканы саясатташтырбоого чакырды.
Ошондой эле Президент кыргыз банктары бардык маалыматты ачык көрсөтүүгө даяр экенин билдирип, санкция киргизген өлкөлөрдү далил менен келүүгө үндөдү.