Кайда экенин билебиз, бирок жетүү мүмкүн эмес: Тоолор Наталья Наговицинаны коё берген жок

23.08.2025 | 14:57

“Жеңиш” чокусундагы 47 жаштагы альпинист Наталья Наговицинанын сөөгүн түшүрүү боюнча куткаруу операциясы кийинки жылга чейин токтотулду. Бул тууралуу Түштүк Эңилчек база лагеринин башчысы Дмитрий Греков билдирди.

«Ал жакта кыш башталды. Наговицина кайда экенин билебиз, бирок ага жетүү азыр мүмкүн эмес. Тарыхта ал бийиктиктен эч качан эч кимдин сөөгүн түшүрүшкөн эмес. Италиялык альпинисттин сөөгүн кийинки жылы ал жактан алып түшүү жеңилирээк болот, эгер табышса», — деди Греков.

Учурда куткаруучулар операцияны токтотуп, ишти келерки жылы улантууну пландашууда.

Эскерте кетсек, Наговицина 12-августтан тартып 7200 метр бийиктиктеги «Жеңиш» чокусунда сынган буту менен жардам күтүп жаткан. Куткаруучулар бардык аракетти көргөнүнө карабастан, катуу шамал, абанын кескин суукташы жана кыштын башталышы издөө иштерин улантууга мүмкүндүк бербей койду.

Scroll to Top