Кыргызстанда жашоо минимуму 9 290 сомго чейин өстү«Түндүк» тиркемеси жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр порталы 17–18-апрелде ишин убактылуу токтототЖасалма акчалар менен телефондорду алып-сатып жүрүшкөн. УКМК траснулуттук кылмыштуу топту кармадыУЭТК кышка чейин 760 чакырым жаңы кабелдерди тартып чыгатЕвропа биримдигинде интернетке кирүүгө курактык чектөө киргизилетКыргызстандын экономикасы өсүүдө, бирок жашоо да кымбаттап жатат
Беларуста ЖККУга мүчө мамлекеттердин аскерлеринин биргелешкен машыгуусу өтүп жатат
27.08.2025 | 16:21

Кыргызстандын Коргоо министрлигинин аскердик контингенти Беларустун Витебск шаарында өтүп жаткан ЖККУнун Коллективдүү ыкчам аракеттенүүчү күчтөрүнүн «Өз ара аракеттенүү-2025» биргелешкен машыгуусуна катышууда. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, бул биргелешкен машыгуу уюмга мүчө мамлекеттердин бөлүктөрүнүн өз ара аракеттенүүсүн оперативдик-тактикалык жактан өркүндөтүү, аскердик шайкештигин жогорулатуу жана заманбап шарттарда тажрыйба алмашуу максатында өткөрүлүүдө.
Рубрики: Дүйнө, Жаңылыктар