Гутерриш: деңиз деңгээлинин көтөрүлүшү адамдарды келечектен ажыратуудаКыргызстандын мыйзамдарына «буллинг» жана «кибербуллинг» түшүнүктөрүн киргизүү сунушталуудаТүп районунда лагерь жана 6 гектар жер мамлекетке кайтарылдыФермерлерди кредиттөө онлайн форматка өткөрүлөтАКШнын элчиси Лесли Вигери төрт жылдык ишин жыйынтыктап, Кыргызстан менен коштоштуКыргызстандын банктарында жаңы депозиттердин көлөмү 937 млрд сомго жетти
Ошто милиция кызматкери саптык кароо маалында кармалды
27.08.2025 | 16:21

Ош шаарында Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнүн ыкчам кызматкери алдамчылыкка шектелип кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБден маалымдашты.
Маалыматка ылайык, милициянын капитаны 2024-жылдын ноябрында кылмыш ишин оң чечип берүүнү убада кылып, жарандан 220 миң сом, 5 миң рубль жана 5,5 миң АКШ долларын алган.
20-август күнү Мады айылдык милиция бөлүмүнүн саптык тизилүүсү маалында ал УКМК жана ИИМдин ички иликтөө кызматынын кызматкерлери тарабынан кармалган.
Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.
Рубрики: Жаңылыктар