Мыйзам бузуулар тууралуу билдирүүгө болот: ИИМ «Мыйзамбек» ботун ишке киргиздиОш жана Чикаго шаарларынын ортосунда боордоштук мамилелери түзүлөтДастан Бекешев шайлоо, сөз эркиндиги жана саясий амбициялары тууралууЭсептөө палатасынын Ош шаарынын бюджетине жүргүзгөн аудити: 2,5 млрд сомдук карыз жана документсиз курулуштарКРде биринчи жолу бейтаптын жүрөгүнө электродсуз кардиостимулятор орнотулдуАдылбек Касымалиев БУУнун эки экономикалык комиссиясынын жетекчилери менен жолукту
Беларуста ЖККУга мүчө мамлекеттердин аскерлеринин биргелешкен машыгуусу өтүп жатат
27.08.2025 | 16:21

Кыргызстандын Коргоо министрлигинин аскердик контингенти Беларустун Витебск шаарында өтүп жаткан ЖККУнун Коллективдүү ыкчам аракеттенүүчү күчтөрүнүн «Өз ара аракеттенүү-2025» биргелешкен машыгуусуна катышууда. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, бул биргелешкен машыгуу уюмга мүчө мамлекеттердин бөлүктөрүнүн өз ара аракеттенүүсүн оперативдик-тактикалык жактан өркүндөтүү, аскердик шайкештигин жогорулатуу жана заманбап шарттарда тажрыйба алмашуу максатында өткөрүлүүдө.
Рубрики: Дүйнө, Жаңылыктар