Коргоо ордерине карабай, жубайына зомбулук көрсөткөн. Бишкекте 49 жаштагы жаран кармалдыЭксперт: ЖК Төрагасы кызматына аялдын дайындалышы өлкө үчүн «турукташтыруучу фактор» болушу мүмкүнАймактардагы 220 мектепке лабораториялык жабдуулар жана ноутбуктар берилдиБишкекке 95 жаңы автобус жана 42 бирдик атайын техника берилдиБишкектин 7-апрель көчөсүндө жылуулук түтүгү жарылды. Мэрия оңдоо иши башталганын билдирдиКазакстан Starlink интернет-трафигин Кыргызстанга жана коңшу өлкөлөргө жеткирүүнү пландаштырууда
Бишкектеги №1 каттамдын багыты өзгөрдү
02.09.2025 | 09:23

“Бишкек шаардык транспорт” муниципалдык ишканасынын маалыматына ылайык, 2025-жылдын 2-сентябрынан тартып №1 автобус каттамынын багыты өзгөртүлдү.
Мэриянын маалыматына ылайык, буга чейин автобус Жусуп Абдрахманов көчөсү аркылуу Ала-Арча жаратылыш паркына чейин каттап келген. Эми шаар жана ага жакын аймактардын тургундарынын сунуштарын эске алуу менен каттам төмөнкү көчөлөр аркылуу өтөт:
- Ахунбаев,
- Ж. Пудовкин,
- А. Токомбаев,
- Байтик Баатыр.
Муниципалдык ишкана жаңы багыт шаардыктарга ыңгайлуураак болот деп күтүп жатат.

Рубрики: Жаңылыктар