Кыргыз мамлекеттик куурчак театры 88-сезонун ачат. Октябрь айында кайсы чыгармалар коюлатКыргызстан менен Кытай энергетика тармагында кызматташуу макулдашуусуна кол коюштуБишкекте 25-сентябрда ыктыярдуу кан тапшыруу акциясы өтөтКыргыз тили жашоо, жумуш жана илим үчүн: 2028-жылга чейин эмне өзгөрөт?Депутат электромобилдерди ташып келүүгө квотаны дагы көбөйтүүнү сурандыШКУ менен БРИКС жаңы каржылык архитектураны калыптандырууда — эксперт Алмаз Насыров
Бишкектеги №1 каттамдын багыты өзгөрдү
02.09.2025 | 09:23

“Бишкек шаардык транспорт” муниципалдык ишканасынын маалыматына ылайык, 2025-жылдын 2-сентябрынан тартып №1 автобус каттамынын багыты өзгөртүлдү.
Мэриянын маалыматына ылайык, буга чейин автобус Жусуп Абдрахманов көчөсү аркылуу Ала-Арча жаратылыш паркына чейин каттап келген. Эми шаар жана ага жакын аймактардын тургундарынын сунуштарын эске алуу менен каттам төмөнкү көчөлөр аркылуу өтөт:
- Ахунбаев,
- Ж. Пудовкин,
- А. Токомбаев,
- Байтик Баатыр.
Муниципалдык ишкана жаңы багыт шаардыктарга ыңгайлуураак болот деп күтүп жатат.

Рубрики: Жаңылыктар