Адылбек Касымалиев жеке ишкерлерди кайра каттоо процессин жөнөкөйлөтүүнү тапшырды

02.09.2025 | 11:42
Адылбек Касымалиев жетекчилик кылган президенттик администрациянын аппараттык жыйыны

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев президенттик администрациянын аппараттык жыйынында жеке ишкерлерди кайра каттоо процессин жөнөкөйлөштүрүү реформасын 100 күндүн ичинде ишке ашырууну тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, жеке ишкерлерди кайра каттоонун юридикалык дарегин, салык режимин, реквизиттерин же иштин түрлөрүн өзгөртүүгө байланыштуу болгон бюрократиялык жол-жоболор ишкерлер үчүн олуттуу тоскоолдуктарды жаратат.

“Бүгүнкү күндө ишкерлер салык органдарына бир нече жолу барууга, бир нече саатка кезекке турууга, кагаз документтерди чогултууга аргасыз болууда. Бул бизнести өнүктүрүү үчүн колдонула турган бир топ убакытты жана ресурстарды талап кылат”, – деп билдирген ал.

Мындан улам өкмөт башчы “Салык төлөөчүнүн кабинетинде” кайра каттоо үчүн арызды толтурууга, ал жерге керектүү документтерди тиркөөгө, ошондой эле жол-жоболорду 1 күндүн ичинде бүтүрүүгө мүмкүндүк берген сервисти түзүү аркылуу жеке ишкерлерди кайра каттоо процессин толугу менен онлайн форматка өткөрүү тапшырмасын берди.

Анын айтымында, онлайн форматты киргизүүнүн натыйжасында ишкерлердин убактысын үнөмдөп, мамлекеттик органдардын ишинин натыйжалуугу жогорулап, салык органдарына баруу зарылчылыгы жоюлат.

Scroll to Top