Бишкек, Чүй, Ош. Кызамыктан жабыркагандардын саны көбөйүүдө

02.09.2025 | 12:08

Кыргызстанда акыркы бир жылда 8,8 миң кызамык учурлары катталды. Бул тууралуу Республикалык иммунопрофилактика борборунун эпидемиологу Айчүрөк Макилова билдирди.

Анын айтымында, кызамык илдети 2023-жылдан бери уланып келет. Өзгөчө Бишкек, Чүй жана Ош облустарында абал кооптуу бойдон калууда.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча:

  • Бишкекте — 5 миңден ашык,
  • Чүй облусунда — 1 миңден ашык,
  • Ош облусунда — 700дөн ашуун учур катталган.

Эң көп жабыркагандар — 1 жаштан 4 жашка чейинки балдар. Ошондой эле эмдөөдөн өтпөгөн 1 жашка чейинки ымыркайлар арасында да учурлар көбөйгөн.

Анализдер көрсөткөндөй, ооругандардын 94 пайызы эмдөөдөн өткөн эмес. Буга ата-энелердин баш тартуусу, медициналык себептер жана жаш курактык чектөөлөр негизги фактор болуп жатат.

Министрлик ата-энелерди жана жарандарды эмдөөнү кечиктирбөөгө чакырууда. Кызамыкка каршы эмдөө улуттук календарга киргизилген жана өлкөдөгү бардык саламаттыкты сактоо мекемелеринде бекер жүргүзүлөт.

Рубрики: Жаңылыктар
Scroll to Top