Улуттук тарых музейинде Улуу Ата Мекендик согушту эскерүүгө арналган көргөзмө ачылдыМанас шаарында эл аралык китеп фестивалы өтөтЖК комитети Маматкановдун вице-премьер-министрлик кызматка талапкерлигин жактырдыБишкекте 5 миң жумуш орду сунушталган кесиптер жарманкеси өтөтЫсык-Көлдүн түбүнөн бир чакырымдан ашык браконьердик тор чыгарылдыОшто 100 жумуш орундуу кондитердик цех ачылды
Президенттик администрация: Алдамчылар WhatsApp’тан Касымалиевдин атынан билдирүү жиберүүдө
05.09.2025 | 15:05

Соңку күндөрү интернет шылуундары Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин атынан WhatsApp аркылуу жалган билдирүүлөрдү тараткан учурлар катталды. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков өзүнүн Facebook баракчасында билдирди.
Анын айтымында, жалган билдирүүлөр үч-төрт кызматкерге түшкөнү аныкталган. Бирок алдамчылар башка жарандарга да жазган болушу мүмкүн деген божомол бар.
«Буга чейин да жогорку кызмат адамдарынын атынан СМС билдирүү жиберген алдамчылардын аракеттери катталган жана бөгөттөлгөн. Эми ошол ыкма кайра кайталанып жатат», — деп жазды Орунбеков.
Рубрики: Жаңылыктар