Яндекс Кыргызстан программалоо Мектебине жаңы кабыл алууну баштады

08.09.2025 | 12:29

Программа Python тилин өнүктүрүүнүн негиздерин, негизги түшүнүктөрдү, конструкцияларды жана тилдин китепканаларын окутууну өзүнө камтыйт. Мектепке 14-17 жаштагылар тапшыра алышат. Кабыл алуу тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча жүргүзүлөт.

Жайкы курсту аяктаган мектеп окуучулар үчүн Бишкек шаарында күндүзгү окутуу жана борбордо жашабаган окуучулар үчүн онлайн-группалар ачылат. Долбоорго катышуу толугу менен акысыз, бирок мектепке тапшыруу сөзсүз керектелет. Быйыл катышуучуларды тандоо 30-сентябрда аяктайт.

Программалоо мектебине тапшыруу эки этаптан турат – тестирлөө жана аңгемелешүү. Алгач, долбоордун сайтында – https://codingschool.yandex.com/ катышуу үчүн арыз толтуруу керек. Жооп иретинде тестирлөөнун шилтемеси бар кат келет. Эгерде талапкер 18-сентябрга чейин тесттен ийгиликтүү өтсө, анда ал аңгемелешүүгө чакырылат.

Яндекс программалоо мектеби – 14-17 жаштагы мектеп окуучулары үчүн Python тилинде программалоонун негиздерин үйрөтүүчү эл аралык долбоор болуп саналат. Кыргызстанда бул долбоор биринчи жолу 2023-жылы башталган. 2 жылдын ичинде 100дөн ашык адам долбоордун бүтүрүүчүсү болду.

Рубрики: Коом
Scroll to Top