Баш сөз: Садыр Жапаров Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине 200 миң сомдон төлөп берүүнү тапшырдыReporter.kg жана КР Гимнастика федерациясы кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюштуМинистрлер Кабинети бизнести видеокамераларын салык кызматы үчүн ачууга милдеттендирүүнү сунуштоодоОшто эки күнгө созулган «Окурман Ош» китеп фестивалы өтөтКыргызстан менен БУУ АПП климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүүдө жаңы кадамдарды белгилештиБишкекте №244 кичи автобустун кыймыл схемасы өзгөртүлдү
Ош шаарында электр унааларын кубаттоочу станциялар орнотулууда
08.09.2025 | 17:16

Ош шаарынын Курманжан датка көчөсүндө электр унааларын кубаттоочу станциялар орнотулууда. Бул тууралуу шаар мэриясы кабарлады.
Маалыматта айтылгандай, учурда 10 станция орнотулуп бүтүп, ишке берилүү алдында турат. Жакынкы күндөрү дагы 20 даана станция орнотулат.
“Бул электр унааларын кубаттоочу станциялар Ош шаарынын мэриясынын жеке менчиги. Жабдуулар муниципалдык такси кызматындагы унааларга гана эмес, электромобиль айдаган бардык жарандарга кызмат көрсөтөт”,-деп билдирди мэрия.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом