Кой-Таштагы Атамбаевдердин үйүнө адамдар келгени айтылуудаПрезидент Садыр Жапаров Алымбек датканын 225 жылдык мааракесине катыштыЖККУнун жаңы миссиясы: Борбор Азияда табигый кырсыктарды башкаруу борбору пайда болот«Түндүктүн» кызматтарын колдонуу үчүн электрондук кол тамганы кантип алуу керек?Токмокто аял өзүнүн 2 баласын бычактап өлтүрдү. Окуянын чоо-жайыКыргызстандык Nomad тобу «Интервидение-2025» сынагында сахнага 2-болуп чыгат
БШКда шайлоого техникалык даярдык маселеси каралды
09.09.2025 | 11:04

8-сентябрда Борбордук шайлоо комиссиясында Кыргызстандагы шайлоолордо колдонулуучу шайлоо жабдууларынын үзгүлтүксүз жана сапаттуу иштешин камсыздоо маселелери боюнча жумушчу кеңешме өттү. Бул тууралуу комиссиянын басма сөз кызматы билдирди.
Ага БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров, жер-жерлердеги системдик администраторлор жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышкан.
Тынчтык Шайназаров бардык кызматкерлер тарабынан шайлоо эрежелерин жана мыйзам талаптарын так жана бекем сактоонун зарылдыгын баса белгилеген. Кеңешмеде ошондой эле участкалык шайлоо комиссияларындагы шайлоо жабдууларын тестирлөө иштери боюнча маалымат угулган.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат