Кыргыз делегациясынын Италиядагы иш сапарына 11 млн сом сарпталганы айтылды

09.09.2025 | 13:37

Былтыр, 2024-жылы Кыргызстандын расмий делегациясынын Италия жана Ватиканга болгон иш сапарына 11 миллион сом сарпталган. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин 2024-жылдагы республикалык бюджеттин аткарылышы боюнча отчётунда айтылат.

Финансы министринин орун басары Үмүтжан Аманбаев Жогорку Кеңеште баяндама жасап, чыгымдардын негизги багыттарын ачыктады. Анын айтымында, бул сумма төмөнкүчө бөлүштүрүлгөн:

6 млн сом – президент жана Министрлер кабинетинин төрагасынын сапарын уюштурууга,

5 млн сом – делегациянын транспорттук чыгымдарын жабууга жумшалган.

Ошондой эле, отчетто Кыргыз Республикасынын президенттик администрациясынын бюджети 2024-жылы 819,8 млн сомду түзүп, пландалган көрсөткүчкө салыштырмалуу 224,7 млн сомго көбөйгөнү белгиленген.

Президенттик аппараттын бюджетинин көбөйүшү- Өнүктүрүү жана дем берүү фондуна каражаттарды

которууга, президенттин резиденциясын оңдоого, мамлекеттик сатып алууларпорталында конкурстук тооруктарды өткөрүүгө да байланыштуу болгон.

Белгилей кетсек, бул иш сапардын алкагында Рим шаарында кыргыз-италия бизнес форуму өтүп, тараптар бир нече меморандумга кол коюшкан.

Маалымат үчүн: Министрлер кабинети 2024-жылдын бюджетин профицит менен аткарганын билдирген. Жалпы бюджеттин кирешеси чыгашалардан 55,7 млрд сомго көп болгон.

Scroll to Top