Жапаров, Рахмон жана Мирзиёевге Эл аралык тынчтык сыйлыгы ыйгарылды

09.09.2025 | 19:43

Экинчи Эл аралык тынчтык сыйлыгынын лауреаттары болуп Садыр Жапаров, Эмомали Рахмон жана Шавкат Мирзиёев аныкталды.

Салтанаттуу азем Москва шаарында улуу жазуучу жана ойчул Лев Толстойдун туулган күнүндө өттү. Калыстар тобунун төрагасы Валерий Гергиевдин айтымында, чечим бир добуштан кабыл алынган.

Үч өлкөнүн президенттери Борбор Азиядагы тынчтыкты жана коопсуздукту чыңдоого кошкон чоң салымы үчүн сыйлыкка татыктуу болушту. Быйыл март айында Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстан чек аранын кесилишкен чекити тууралуу келишимге кол коюп, чек араны укуктук каттоону толук аяктаган.

Уюштуруучулар бул кадамды аймактагы өз ара түшүнүшүүнү жана кызматташтыкты чыңдоого чоң салым катары белгилешти. Сыйлыктын тапшыруу аземи жакынкы күндөрү өтөрү кабарланды.

Рубрики: Жаңылыктар
Scroll to Top