Адылбек Касымалиев АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио менен жолугушту – эмне жөнүндө сүйлөштү16-апрель: Өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан жаайтКытайлык Everbeacon компаниясы Кыргызстандын технология тармактарына инвестиция салууга кызыкдарКоопсуздук кеңешинин катчысы ЖККУнун башкы катчысы менен жолугушту – эмнелер талкууландыБатыш БА өлкөлөрүнө ким менен байланыш түзүүнү таңуулоого аракет кылууда — ЛавровКыргызстандын өкмөтү АКШнын EXIM Bank’ы менен кызматташууга кызыкдар
Бишкекте жигиттердин массалык мушташы байкоо камерасына тартылып калган
10.09.2025 | 12:03
Бишкек шаарында массалык мушташ болуп, бир нече адам жабыркады. Бул тууралуу окурман Reporter.kg басылмасына кабарлап, байкоо камерасына тартылган видеону жиберди.

Окуя калаадагы Жибек Жолу проспектиси менен Батыш көчөсүнүн кесилишинде болгон. Видеодогу кадрларда беш жигит унаадан түшүп, бир тарапты көздөй чуркап баратканы тартылган. Андан кийинки кадрларда алар башка топ адамдар менен мушташып жатышканы көрүнөт. Жерде жаткан эки адамды уруп-тепкилеп жатышканын да көрүүгө болот. Андан кийин топтошкондор дароо качып, унаага түшүп кетишкен.
Милиция жакынкы убакта кошумча маалымат берилерин маалымдады.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар