Жоголгон капчык үчүн кыйнаган: 11 жыл мурунку киши өлтүрүүнүн бети ачылды

11.09.2025 | 10:51

Укук коргоо органдары 11 жыл мурунку адам өлтүрүү фактысынын бетин ачышты. Бул тууралуу Чүй облустук ИИББдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2014-жылдын 13-ноябрында Сокулук районунун Нижневосточное айылындагы үйлөрдүн биринде эки эркектин ортосунда капчык жоголгонуна байланыштуу жаңжал чыккан. А.Б. аттуу киши М.А.ны капчыкты уурдадың деп айыптап, күнөөнү моюнга алдыруу үчүн сабап, кыйноого алган. Натыйжада М.А. алган жаракаттарынан улам каза болгон.

Маркумдун жакындары анын зомбулуктан өлгөнү тууралуу билишип, бирок милицияга кайрылбастан сөөгүн жерге беришкен. Алар маркумдун өлгөндүгү тууралуу жасалма күбөлүк жасатышып, анда аны жүрөк-кан тамыр жетишсиздигинен каза болду деп көрсөтүшкөн.

Укук коргоо кызматкерлери документтерди жасалмалоо фактысын иликтеп жатып, күбөлүктүн жасалма экенин аныкташкан.

2025-жылдын 6-августунда маркумдун сөөгү казылып алынып, экспертиза дайындалган. Анын жыйынтыгы маркум зордук-зомбулук жолу менен өлтүрүлгөнүн көрсөткөн. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин «Адам өлтүрүү» беренеси менен кылмыш иши козголуп, шектүү А.Б. кармалып, камакка алынган. Учурда тергөө иштери уланууда.

Scroll to Top