Ак-Сууда көп убакыт аялына зомбулук көрсөтүп жүргөн жаран кармалдыБишкекте 16 жашар окуучу кыз 3 күндөн бери изделип жататЖумуш таап берем деп чакырып, 18 жашар кызды зордуктаган. Сот аны 3 жылга кестиӨлкөдөгү мечиттерде жаан, кар тилеп сыйыныштыБүгүн Садыр Жапаров туулган күнүн белгилеп жатат. Аны кимдер куттуктадыБишкекте үйлөрдүн баасы дээрлик 30%га өстү
Ошто акимдин орун басары сексуалдык ыдык көрсөткөн деп кармалды
11.09.2025 | 12:15

Ош шаарында 28 жаштагы кыздын арызынын негизинде акимдин орун басары кармалды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы кабарлады.
Жабырлануучунун айтымында, аткаминер ага акчалай жардам берем деп убада кылып, сексуалдык мүнөздөгү аракеттерге мажбурлаган. Ошондой эле ал кыздын телефонуна уятсыз сүрөттөрдү жана видеолорду жөнөтүп турган.
Тергөөнүн жүрүшүндө Оштогу райондордун биринин 38 жаштагы акимдин орун басары кармалып, соттун чечими менен камакка алынды.