Кой-Таштагы Атамбаевдердин үйүнө адамдар келгени айтылуудаПрезидент Садыр Жапаров Алымбек датканын 225 жылдык мааракесине катыштыЖККУнун жаңы миссиясы: Борбор Азияда табигый кырсыктарды башкаруу борбору пайда болот«Түндүктүн» кызматтарын колдонуу үчүн электрондук кол тамганы кантип алуу керек?Токмокто аял өзүнүн 2 баласын бычактап өлтүрдү. Окуянын чоо-жайыКыргызстандык Nomad тобу «Интервидение-2025» сынагында сахнага 2-болуп чыгат
Алайдын тоолору этношаарчага айланды: Алымбек датканын 225 жылдык тою башталды
11.09.2025 | 20:05

Ош облусунун, Алай районундагы Калама жайлоосунда Алымбек датканын 225 жылдык мааракесине арналган иш-чаралар жандуу жана майрамдык шаң менен старт алды.
Жайлоонун кооз этегине 170тен ашуун боз үй тигилип, чыныгы этношаарчага айланды. Конокторду улуттук даамдар, кол өнөрчүлүк көргөзмөлөрү жана оюн-зоок тосуп алды.

Пркезиденттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалыматына ылайык, анын жүрүшүндө улуттук оюндардын тандоо турлары кызуу өтүп, “Ордо”, “Тогуз коргоол”, алыш күрөшү жана “Салбуруун” мелдештери майрамдын көркүн ачууда.
Салтанатка Ош облусунун өкүлү Элчибек Жантаев оюндарга күбө болуп, катышуучуларга ийгилик каалады.
Мааракенин эң кызыктуу финалдык таймаштары 12-сентябрда өтөт.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом