Баш сөз: Садыр Жапаров Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине 200 миң сомдон төлөп берүүнү тапшырдыReporter.kg жана КР Гимнастика федерациясы кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюштуМинистрлер Кабинети бизнести видеокамераларын салык кызматы үчүн ачууга милдеттендирүүнү сунуштоодоОшто эки күнгө созулган «Окурман Ош» китеп фестивалы өтөтКыргызстан менен БУУ АПП климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүүдө жаңы кадамдарды белгилештиБишкекте №244 кичи автобустун кыймыл схемасы өзгөртүлдү
Ажатканага көмүп койгон — Чүйдө өспүрүм адам өлтүрүүгө шектелип кармалды
12.09.2025 | 10:40

Чүй облусунун милициясы адам өлтүрүүгө жана кылмыш изин жашырууга шектелген жаранды кармады.
Маалыматка ылайык, 2025-жылдын 11инен 12-июнуна караган түнү Лебединовка айылында Т.Т. жана К.А. спирт ичимдигин ичип отурушкан. Мас абалда чыккан жаңжалдын учурунда 2008-жылы туулган Т.Т. жанындагы жаранды бычак менен сайып, ал алган жаракатынан улам ошол жерде каза болгон.
Кылмыштын изин жашыруу үчүн шектүү маркумдун сөөгүн короодогу даараткананын ичине таштап жиберген.
Факт боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси («Адам өлтүрүү») менен кылмыш иши козголду. Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, соттун чечими менен камакка алынды. Учурда иш сотко өткөрүлдү.