Бишкекте кыргыз-тажик өкмөттөр аралык кеңешинин биринчи жыйыны өттүБишкек соода орундарынан түшкөн жалпы кирешенин 60 пайыздан ашыгын камсыздайт. Базарларга талдооКыргызстанда Улуттук лабораториялык кызмат түзүлөтЫр, сүрөт жана башка чыгармаларды күрөөгө коюп насыя берүүнү киргизүү сунушталуудаПрезиденттик шайлоону өткөрүү боюнча кайрылуу: кармалган саясатчылар 2 айга камалды«Кыргызстан аэропорттору» менен Мамлекеттик камсыздандыруу уюму кызматташат
Эми орусиялыктар электрондук кол тамганы Кыргызстанда туруп эле ала алышат
12.09.2025 | 11:51

Эми орусиялык жарандар квалификациялуу электрондук кол тамганы Орусияга барбастан Кыргызстанда туруп ала алышат. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Кыргызстандагы элчилиги кабарлады.
Маалыматка ылайык, Орусиянын жарандарына электрондук кол тамганы берүү иштерин Бишкек шаарындагы «Основание» күбөлөндүрүү борбору жүргүзүүдө.
Квалификациялуу электрондук кол тамга аркылуу Орусиянын жарандары аралыктан документтерге кол коюп, мамлекеттик кызматтарды колдонуп, орусиялык банктарда эсеп ачып, кыймылсыз мүлк боюнча бүтүмдөрдү жүргүзүп жана башка электрондук кызматтарды пайдалана алышат.
«Жакында КЭПтин мүмкүнчүлүктөрү дагы кеңейет. Салык кызматы жана социалдык фонд менен өз ара иш алып баруу Орусияга барбай эле жеткиликтүү болот», – деп билдирди элчилик.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом