18-апрель: Өлкөнүн түштүгүнө жаан-чачын жаайтИран Ормуз кысыгын ачты — Трамптын реакциясыАдылбек Касымалиев АӨБ башчысына Кыргызстандын жетишкендиктери тууралуу айтып бердиЖээнбек Кулубаев Москвада КМШ Тышкы иштер министрлер кеңешинин жыйынына катыштыБаш сөз: Садыр Жапаров Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине 200 миң сомдон төлөп берүүнү тапшырдыReporter.kg жана КР Гимнастика федерациясы кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюшту
Непалда башаламандыктан соң жаштар шаарды калыбына келтирүүгө чыкты
12.09.2025 | 12:33

Катмандуда массалык башаламандыктардан кийин абал турукташып бара жатат. Трибхуван эл аралык аэропорту кайрадан иштеп, каттамдарды кабыл ала баштады.
Маалыматка ылайык, Непал армиясы коопсуздукту камсыздап, жабыркаган райондордо тартипти калыбына келтирүүдө.
Z муунунун активисттери көчөлөрдү тазалоо кампанияларына катышууда. Ошондой эле мамлекеттик кызматкерлер башаламандыкта жабыркаган мекемелерди калыбына келтирүүгө киришти.
Коменданттык саат жумшартылып, өлкөдө кадимки турмуш жанданып жатат.