АКШнын мамкатчысы Марко Рубио соода кызматташтыгын өнүктүрүү үчүн Борбор Азияга келе жататБишкектин Достук айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы жер тилкелери боюнча алдамчылыкка шектелүүдөСадыр Жапаров ЮНЕСКОнун башкы директору Халед Аль-Анани менен жолугуштуЧүй облусунун ооруканаларына үч тез жардам унаасы тапшырылдыЕреванда Садыр Жапаров менен Армениянын премьер-министри Никол Пашинян сүйлөшүүлөрдү өткөрүштүШакиранын Бишкектеги концерту: 18-октябрда милиция күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөйт
Бразилиянын мурдагы президенти Жаир Болсонару 27 жылга кесилди
12.09.2025 | 12:34

Бразилиянын мурдагы президенти Жаира Болсонару аскердик төңкөрүш даярдаган деген айып менен 27 жылга кесилди. Бул тууралуу BBC Орус кызматы жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, Бразилиянын Жогорку сотунун судьялар коллегиясы мындай чечимди Болсонару 2022-жылкы шайлоодо жеңилип калгандан кийин аскердик төңкөрүш жасоо максатында жашыруун сүйлөшүүлөрдү уюштурган деп айыптап, чыгарган.
Жогорку соттун беш судьясын төртөө 70 жаштагы Болсонаруга тагылган айыптарды таанышкан, ал эми бир судья аны актаган.
Болсонарунун жактоочулары чечимди “ашыкча абсурддук” деп атап, чечимге каршы “бардык, анын ичинде эл аралык деңгээлде” даттанууга убада беришкен.
Рубрики: Дүйнө, Жаңылыктар