100 миң сомго чейин айып пул жана бир жылга бөгөт коюу: МСК ЕАЭБден импорттоочуларды катаал чаралар тууралуу эскерттиТокмокто мугалим окуучу кызды зордуктоого шектелип кармалдыБишкекте тергөөчү пара талап кылууга шектелип кармалдыБишкекте баңгизат таратууга шектелип 19 жаштагы жигит кармалдыОш облусунун экс-губернатору кармалып, СИЗОго киргизилдиУлуттук тарых музейинде Улуу Ата Мекендик согушту эскерүүгө арналган көргөзмө ачылды
Менин көзүмчө мындай болбош керек! Ташиев Нарында кол алдындагы кызматкердин телефонун талкалады
06.09.2025 | 15:59

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев кол алдындагы кызматкерин катуу сындап, анын телефонун талкалады.
Бүгүн, 6-сентябрда, жумушчу сапарынын алкагында Камчыбек Ташиев Кочкор райондук ооруканасына барды. Ал эски имараттарды бузуп, алардын ордуна жаңыларын курууну тапшырды. Ошондой эле Ташиев Нарын облусунун УКМК башчысына кайрылып, курулуш иштеринин башталышын көзөмөлдөөнү милдеттендирди.
Бирок УКМКнын аталган райондогу башчысы Ташиевдин суроолорунун бирине жооп бере албай койгон. Андан соң УКМК төрагасы анын уюлдук телефонун алып, ыргытып жиберген.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат