Укук коргоочу Камиль Рузиев Караколдо акча опузалоого шектелип кармалды
Укук коргоочу Камиль Рузиев Каракол шаарында акча опузалоого шектелип кармалды. Бул тууралуу Reporter.kgге укук коргоо органдарындагы булак кабарлады.
Маалыматка ылайык, Рузиев жергиликтүү тургундан 100 миң сомдон ашык акча опузалап талап кылып, ага каршы кылмыш ишин козгоого көмөктөшөрүн айтып коркуткан. Аталган жаран милицияга арыз менен кайрылып, натыйжада укук коргоочу кармалган.
Ысык-Көл облустук ИИБдин Reporter.kgге берген маалыматына ылайык, 1-сентябрда милицияга арыз менен аял кайрылган. Анын айтымында, Е.М. жана Р.К. (Камиль Рузиев) анын уулуна козголгон кылмыш ишин “жабууга жардам беребиз” деп 155 миң сом талап кылышкан. Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин «опузалап талап кылуу» беренеси менен кылмыш иши козголгон.
4-сентябрда аял опузалап акча талап кылгандарга 30 миң сом берген. Ал эми 11-сентябрда 125 миң сом берген. Акча алып жаткан учурда 37 жаштагы Е.М. жана 62 жаштагы Р.К. кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилген. Тергөө иштери уланууда.