Ирандыктар ишкердин таттууларды саткан дүкөнүн тартып алууда. Анын өнөктөшү Шымкенттеги СИЗОдо мыйзамсыз камалып жатат
Reporter.kg редакциясына жергиликтүү ишкер Айтыгул Кокчаев кайрылып, өзүнүн өнөктөшү Акмалиддин Рахимовду кыргызстандык укук коргоо органдары тарабынан негизсиз козголгон кылмыш иши боюнча Казакстандын Шымкент шаарында мыйзамсыз кармалганын билдирди.
Ишкердин айтымында, баары 2019-жылы башталган. Ал кезде «Сладости Востока» ишканасында Кокчаев цехтин бригадири, ал эми Рахимов коммерциялык директор болуп иштешкен. Бирок ишкананын негиздөөчүлөрү болгон Ирандын жарандары Бабади Абасалт Голамреза жана Саламат Сейед Хусейн аларды жумуштан четтетип, дүкөндү тартып алууга аракет кылышкан. Дүкөндүн имараты ирандыктардын салымысыз алардын жеке каражатына алынган. Тактап айтканда, имарат Акмалиддин Рахимовго таандык.
Маселе мына ушунда: ирандыктар дүкөнгө белекке берүү актысын (дарственная) жазып берүүнү суранып, анын ордуна жакшы киреше убада кылышкан. Бирок ал убада аткарылган эмес. Ошондон кийин дүкөндүн ээси сот аркылуу мүлкүн кайтарып алган. Бул ишке 2022-жылы Кыргызстандын Жогорку соту чекит койгон. Бирок ирандыктар муну менен токтоп калбай, укук коргоо органдарынын жардамы менен Рахимовго карата бир нече жолу «алдамчылык» беренеси менен кылмыш ишин козготушкан.
Айтыгул Кокчаевдин айтымында, бир нече иш токтотулган, бирок 2025-жылдын май айында укук коргоо органдары аты аталган негиздөөчүлөр менен бирге дүкөндүн эшигин сындырып кирип, имаратка мөөр бастырып, жаап салышкан. Ал эми Акмалиддин Рахимовду өлкөгө кайтып келе жаткан учурда Казакстанда кармашкан. 9-августтан бери ал Шымкенттеги СИЗОдо кармалып турат.
Айтыгул Кокчаев өлкө башчысы Садыр Жапаровдон жана УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевден бул ишти иликтөөгө көмөктөшүп, адилеттүүлүк орнотууга жардам берүүнү суранып жатат.